МЕТОДОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТОДОЛОГИЯ - илимий теориялык жана практикалык ишмердикти уюштуруу жана жүргүзүү принцип­теринин, жол-жоболорунун, ыкмаларынын сис­темасы, ошондой эле бул система жөнүндөгү окуу; илим-изилдөө ишинде ошол ишти жазуу үчүн жол көрсөтө турган, мурда түзүлгөн илимий билимдердин жы­йындысы. 0. эле окумуштуу изилдөөгө алып жаткан проблема үчүн ал багыттагы мурда изил­денген, жалпыланган теориялык эмгектерди окуп-үй­рөнүп, алардан жалпы багыт алат. Бул да изил­дөөчүгө М-лык негиз катары кызмат кылат.