МЕТИЛЕНХЛОРИД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТИЛЕНХЛОРЙД, д их л орметан, хлор­дуу метилен, СН2С12 - хлороформ жыттан­ган түссүз суюктук. Кайноо I 40,1°С; сууда эри­гичтиги 2%, органикалык эриткичтер менен аралашат; от алуу температурасы 14°С, өз алдынча тутануу 1 556°С. Ө. ж-да метанды, метилхлоридди хлорлоо жолу менен алынат. Ацетат целлюлоза, пластмасса, кау­чуктарга эриткич (негизинен фото-, киноплён­каларды иштетүүдө, ацетат буюмдарын өндүрүү­дө), муздаткычтарда муздатуучу зат («хладон- 30») катары колдонулат. Дем алуу жолдорун, көздүн чел кабыгын, терини дүүлүктүрүүчү ка­сиетке ээ.