МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК РАДИОЛОКАЦИЯ
МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК РАДИОЛОКАЦИЯ радиолокатордун жардамы менен булут, жаан-чачын, температура жана аба нымдуулугунун жогорку градиенттүү аймактарын, чагылган разряддарынын топтолушун аныктайт. Метеорол. кубулуштардын аймагын байкоодо индикатору бар тегерек экрандуу М. р. колдонулат. Изилденип жаткан мейкиндиктеги чагылышкан радиотолкундар бир нече секунд экранда жаркырап көрүнөт. Аба ырайынын зыяндуу кубулуштарын 100 кмрен ашык аралыктан билдирүүдө М. р-нын мааниси зор. Мындан тышкары М. р. авиацияда, а. ч-да кеңири колдонулат.