МЕТАФИЗИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТАФИЗИКА - 1) болмуштун сезимден тыш­кары (тажрыйба аркылуу таанып билүүгө болбо­гон) принциптери жөнүндөгү философиялык илим; 2) өнү­гүүнүн ички булагы карама-каршылык экенди­гин таанып, диалектикага каршы турган фи­лос. ыкма. Бул эки түшүнүк тең баарынын баш­талышы жөнүндөгү философиялык «илимдин» негизи ка­тары өнүккөн. Алгач термин Андоник Родос­ский тарабынан Аристотелдин болмуштун акыл менен билүүгө мүмкүн болгон башталмалары жөнүндөгү чыгармасында (биздин заманга чейинки 1-кылым) берилген аталыштан алынган. Кийин 17-к-да механикалык табият таануунун базасында (механика менен математи­ка ойломдун илимий образы катары карала башта­ганда) диалектикалык ыкманын карама-каршы­сы катары эсептелген. Азыркы кезде М. фило­софиянын синоними катары да колдонулат.