МЕТАЛЛУРГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТАЛЛУРГЙЯ (грекче metallourgeo - кен казып алам, металл иштетем) - кенташтан металл бө­лүп алуу, металл куймаЛарынын химиялык курамын, түзүлүшүн өзгөртүү жөнүндөгү илим. Менделеевдин мезгилдик системасындагы галлоиддер менен газ­дардан башка бардык элементтерди өндурүп алуу (к. Металлдар) процессин кучагына алат. Өз ичинен төмөнкүдөй технол. процесстерден ту­рат: 1) кенди металл бөлүп алууга даярдоо (май­далоо, ылгоо); 2) пирометаллургия, гидрометал­лургия жана электролит ыкмалары менен кенден металлдарды бөлүп алуу, аны тазалоо. Пироме­таллургия ыкмасында металл шахта же электр мештери, конвертер аркылуу, ал эми гидрометал­лургияда суунун жардамы менен бөлүнөт; 3) ысы­туу, эритүү жолу менен металл күкүмдөрүнөн буюм жасоо; бул ыкмада жогорку сапаттагы металл өндүрүлөт; 4) кристалл-физикалык ыкмада рафинирлөө жолу менен өтө таза металлдар, жарым өткөргүч­төр алынат; 5) эриген металлдан уютма алуу; 6) металлды басым менен иштетүү. Азыркы кезде металлургия заводдорунда металлдар жана куйма­лар прокаттоо жолу менен иштетилет (к. Прокат өндурушу); 7) термиялык, химиялык-механикалык, химиялык-тер­миялык ыкмалар менен каалаган түзүлүштөгу жана сапаттагы металлдар менен куймаларды алууга болот; 8) М-да металлдардын бетин чайкоо, цинктөө, пластмасса менен каптоо негизги орун­ду ээлейт.

Ад.: Металлургия. Екатеринбург, 2001; Воскобой­никое В. Г„ Кудрин В. А„ Якушев А. М. Общая ме­таллургия. М., 2002; Время и металлургия. М., 2009.