МЕТАЛЛ КАРБОНИЛДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТАЛЛ КАРБОНИЛДЕРИ - металлдардын көмүртек оксиди СО менен болгон химиялык бирикме­лери, жалпы формуласы (Ме)т=(СО)п. Көптөгөн металл жана металл эместердин карбонилдери белгилүү. Өтмө металлдардын карбонилдери өтө туруктуулугу менен айырмаланат. Щёлочь ме­таллдардын карбонилдери туруксуз келет да, абада күйөт, органикалык эриткичтерде эрибейт. Никель, темир, осмий, рутений карбонилдери - суюк­тук, башка М. к-нин көпчүлүгү - кристалл зат­тар. Жез, күмүш, алтындын көмүртек кычкы­лынын атм-сында гана туруктуу карбонил га­логениддери Ме(СО)Х белгилүү. М. к. белгилүү температурадан жогору ысытканда көмүртек окиси менен металлга ажырайт. Металл галогенид­дерине жана сульфиддерине жогорку температурада жана басымда СОну таасир этүүдөн алынат. М. к. таза металлдарды алууда, металлдарды каптоо­до, химиялык процесстерде катализатор, антидетона­тор катары колдонулат. М. к. уулуу.