МЕСОПОТАМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕСОПОТАМИЯ (грекче мезоз - ортосу, аралыгы, potamos - дарыя), Эки суу арасы­Батыш Азиядагы аймак, Тигр, Евфрат д-нын алабында. Месопотамия ойдуңу менен Жезире пла­тосун камтыйт. М. Байыркы Чыгыш маданияты­нын өөрчүгөн жери болгон. Ал жерде биздин заманга чейинки 4- 3-миң жылдыкта алгачкы таптык мамлекет орногон; 3-миң жылдыктын аягында Аккад, Ур ж. б. байыркы мамлекеттер өкүм сүргөн; 2-мин жылдыктын башында Мененын түштүк бөлү­гүндө Вавилония пайда болгон. Биздин заманга чейинки 9-к-дан биздин замандын 16-к-на чейин М-га бир катар мамлекет ээлик кылып келген. 17-к-дан 1918-жылы чейин Осмон империясынын курамында турган. Би­ринчи дүйнөлүк согуштан кийин Мененын басым­дуу бөлүгү Ирактын, калганы Сирия менен Түркия­нын курамына кирген.