МЕРИНОС КОЮ
МЕРИНОС КОЮ - текши, ичке, уяң жүндүү кой породасы. Мекени - Алдынкы Азия. Кийин Жер Ортолук деңиз жээгиндеги өлкөлөрдө (Грекия, Италия, Испания) чыгарылып, 18-к-да Батыш Европа, Түндүк Америка жана Австралияга тараган. Россияга 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында башка өлкөлөрдөн алынып келинген. М. к. 3 топко бөлүнөт: 1) жүн багытындагы М. к., 2) жүн-эт багытындагы М. к.; 3) эт-жүн багытындагы М. к. Жүн багытындагы М. к-на грозный кою, ставрополь кою, советтик меринос кою, азербайжан тоо меринос кою кирет: жүн-эт багытындагы М. к-на аскания кою, кавказ кою, алтай кою, кыргыз уяң жүндүү кою, забайкалье кою, түштүк казак мериносу, түштүк урал кою кирет; эт-жүн багытындагы М. к-на прекос кою, казак уяң жүндүү кою, казак аркар мериносу, дагстан тоо кою, волгоград кою ж. б. кирет. М. к-нун жүнүнүн Узундугу 6-8 см. Кочкорунан 8-12, соолугунан 4-6 кг жүн кыркылат. М. к. чала уяң кылчык жүндүү койлордун жүнүн жакшыртуу максатында аргындаштырылат. М. к. - Түндүк Кавказ, Волга бою, Урал, Батыш жана Чыгыш Сибирь, Казакстан, Кыргызстан, Украинанын түштүк аймактарында асыралат. Кочкорунун тируүлөй салмагы 100-130, соолугунуку - 60-70 кг. Ар жүз тубар койдон 120-130 козу алынат.