МЕНЗУЛА СЪЁМКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЁНЗУЛА СЪЁМКАСЫ — талаа шартында кип­ригель менен мензуланы колдонуп, масштабы 1:500, 1:1000, 1:2000, 1:5000ге барабар болгон жердин топогр. планын түзүү. Координата тор­чосунан турган планшетте рейка аркылуу ошол жердин бийиктиги, контуру, рельефи, аралык­тары чекит менен белгиленет. Бирдей бийиктик­теги чекиттер бири-бири менен туташтырылып, аймактын айрым элементтери (суу, көл, жол, кыштак ж. б.) көрсөтүлөт, планы түзүлөт. Шарт­туу белгилер, масштаб берилет.