МЕНДЕЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕНДЕЛЬ Грегор Иоганн [22. 7. 1822,

Австрия­Венгрия, Хейнцендроф (азыркы Чехия, Гинчище) - 6. 1. 1884, Австрия-Венгрия, Брюн (азыркы Чехия), Брно] - австралиялык та­бият таануучу, тукум куу­гучтук жөнүндөгү окуунун - мен­делизмдин негиз салуучусу. 1843-жылы Ольмюц университетинин философия классын бүтүр­гөн. 1849-жылдан орто мек­тепке табият таануу жана физикадан сабак берген. 1851-53-ж. Венаун-тиңце окуп, физика, бо­таника, палеонтология жана анализ химиясын үйрөнгөн. 1856-63-ж. буурчактын 22 сортун ар­гындаштыруу боюнча кеңири тажрыйба жүргүзгөн. 1865-жылы ал

тажрыйбанын жыйынтыгы боюнча Брнодогу табият таануучулар коомунда баян­дама жасаган. Мында ал тукум куугучтуктун факторлорунун эркин ажыроо жана айкалышуу закон ченемин 1-жолу негиздеген. Бул закон че­нем тукум куугуч жөнүндөгү окуунун негизин түзүп, Мендель закондору деп аталган. Бирок М-дин бул эмгеги өзү тирүү кезинде кабыл алынбай, көмүскөдө калган. 1900-жылы гана жалпыга таа­нылып, бааланган.