МЕЛИОРАНСКИЙ
МЕЛИОРАНСКИЙ Платон Михайлович (30. 11. 1868, Санкт-Петербург - 29. 5. 1906, ошол эле жер) - түрколог, монголист, чыгыш таануучу, проф. (1899). В. Радловдун шакирти. Санкт-Петербург университетин бүтүргөн (1891). 1890-жылы студент кезинде Оренбург губерниясы жана Торгой обл-ндагы кыргыз (казак) тилин жана фольклорун изилдеп «Кыргыз макалдары жана табышмактары» жана «Казак-кыргыз тилинин кыскача грамматикасы» деген

алгачкы илимий эмгектерин жарыялаган. Окууну бүткөндөн кийин ошол эле университеттин түрк-татар тилдери кафедрасына калтырылган. Ал россиялык түркологиянын тарыхында О. Н. Бётлингден кийинки биринчи түрколог-лингвист катары таанылган. М-дин эмгектери (айрыкча, «Күлтегиндин урматына коюлган эстелик», «Араб филолог монгол тили жөнүндө») бүгүнкү күндө да эстеликтердин тилине лингвистикалык анализ берүүнүн жогорку үлгүсү болуп эсептелет. Ал Орхондон табылган байыркы түрк жазуу эстеликтеринин тексттерин которуп, лингвистикалык талдоо жүргүзгөн. Түрк тилдеринин салыштырма-тарыхый грамматикасын түзүү ишине да салым кошкон. Өзүнүн өтө кыска илимий-изилдөөчүлүк өмүрүндө 42 илимий иш жазган. Алардын көбү түркологиянын алтын фондуна кирген.
Эмг.: Краткая грамматика казакско-киргизского языка. Фонетика и этимология. Ч. 1. 1889; Ч. II. 1897; Сельджукнаме. 1897; Памятник в честь КюльТегина. 1900; Араб филолог о монгольском языке. 1903.
Ад.: Кононов А. Н. П. М. Мелиоранский и отечественная тюркология//Вестник АН Каз. ССР, 1969, № 10; Тенишев Э. Р. П. М. Мелиоранский - языковед // Тюркологический сб., 1972.