МЕЙМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕЙМАН, к о н о к - сый көрүүчү адам. М. үй ээсинин камылгасына карай чакырылган (ата­йын) М. жана кудайы (күтүүсүз) конок болуп бөлү­нөт. Чакырылган М. алдын ала күтүлүп, конок камы көрүлүп (мал союлуп), дасторкон даярдалат. Илгери кыргыздар М-га атайы ак өргөө көтөргөн. М. келе жатканда, үй ээси тосуп алып, сый көрсөтүп, узатат. Кудайы конок айт­тырып келбейт. Ар кандай шарт менен күтүлбөгөн жерден келген бейтааныш адамга үй ээси мүм­күнчүлүгүн аябай, аны сыйлоого аракеттенет. Айрым мезгилдерде үй ээсинин шартына жара­ша мал союлат. Мындай М-ды элибиз жогору баалаган. Аны кудайым өзү жибергендей, Кы­зыр-Алекисалам түнөп кеткендей сезишкен.