МЕДАЛЬОН
МЕДАЛЬОН (фр. médaillon) - сүйрү же тегерек алкакка салынган сүрөттүү же оймо-чиймелүү композиция. Монументтик жасалга жана жасалга-колдонмо искусствосунда имаратты же тиричилик буюмунун кооздук жасалгасынын ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет. Архитектуралык жасалгада М., эреже катары, рельеф, кооздоп жазуу, мозаика каражаттары менен аткарылат; жасалга-колдонмо өнөрүндө - эмаль, инкрустация, интарсия, оюп кесүү ж. б. кошумчаланат. Өз алдынча буюм катары М. аялдардын тегерек же сүйрү формадагы, моюнга салынуучу азем буюму түрүндө колдонулат.