МЕГАТЕРИЙЛЕР
МЕГАТЕРИЙЛЕР (Ме^аШепит) - сүт эмүүчүлөрдүн кем тиштүүлөр түркүмүнүн тукуму курут болгон уруусу; кургакта жашоочу эң ири илендилер. Жогорку плиоцен - плейстоценден белгилүү, Түштүк жана Түндүк Американы мекендеген. Денеси өтө чоң (Узундугу 6 лгге жеткен), буту кыска болгон. Арткы бутуна туруп, жоон куйругуна таянып, өсүмдүктүн жалбырагы жана жаш бутактарын үзүп, азыктанган. Бешке жакын түрү болгон.