МАХМУД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАХМУД (чын аты-жөнү - Махмуд М а г о м е­д о в ; 1870-жылы чен - 1919) - авар акыны. Би­ринчи дүйнөлүк согушка катышкан (1914-18). Ата журтуна кайтып келгенден кийин больше­виктер менен мамилеси жакын болгон. Сүйгөн кызы - Муи тектүү үй-бүлөдөн болгон. М-дун ага үйлөнүүгө кудурети жетпей, бүт кайгы-за­рын ырларында айтып, тоолуктардын терс жак­тарын ашкерелейт. Ошондуктан арзыганы Муи­нин образы М-дун бардык чыгармаларында кез­дешет. Акындын сүйүү лирикасынын туу чоку­су - «Мариам» поэмасы.