МАФИЯ
МАФИЯ (итал. mafia) - коркутуп-үркүтүп, зордоо, өлтүрүү, шантаж жасоо ыкмалары менен аракеттенүүчү жашыруун кылмыштуу уюм же топ; Түштүк Италияга мүнөздүү «үй-бүлөлүк» (кландык) жамааттык уюмдун аты. М. 18-к-да Италиянын Сицилия а-нда калктын өзүн-өзү коргоочу уюму же жер ээлеринин жекече сакчысы катары пайда болгон. 20-к-да Италияда, ошондой эле итал. диаспора аркылуу бир катар башка өлкөлөрдө кылмыштуу бизнеске (соода), сойкулукка ж. б. көзөмөл жүргүзүп, коомдун саясий түзүмдөрү менен ымалашкан. Мененын өзгөчө криминол. феномен катары айрыкча белгиси - үйбүлөлүк (кландык) уруулук адат-салттарды, байланыштарды пайдаланышы, бул М-га өзгөчө туруктуулук жана бекем башкаруучулук мүнөз берет. М. кландардан турган жана жакшылап уюштурулган системага ээ, мындай клан өкүлдөрүнөн бириккен кеңеш түзүлөт. Азыркы учурда «М.» деген термин көбүнчө уюшкан кылмыштуулуктун синоними катары да колдонулат.
Ад.: Дикки Р. Соза МозЪга. История сицилийской мафии. 2-е изд. М., 2007.