МАТЕРИКТИК ТАЙЫЗДЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАТЕРИКТИКТАЙЫЗДЫК, сайроон-ма­терик жээгинин суу алдындагы тайыз түздүгү. Генезиси боюнча материк платформасынын улан­дысы. Жазылыгы бир нече кл«ден 130 кмге че­йин. Дүйнөлүк океандын түбүнүн 8%ке жакы­нын ээлейт. Мурда М. т-тын сырткы чеги 200 м тереңдикте деп эсептелсе, кийинки изилдөө­лөрдүн натыйжасында анын сырткы чеги 1500- 2000 м терендиктен өтө тургандыгы аныкталды (мисалы, Охота деңизинин Түштүк Курил чуңкуру жана Жаңы Зеландиянын жээги). М. т-та мате­риктен келген ар кандай үбөлөндү чөкмөлөр көп чогулат жана анын суусу организмдерге бай ке­лет. Түбүнөн түрдүү кен байлык (нефть, газ ж. б.) казып алынат. М. т. - Дүйнөлүк океандын ба­лыкка өтө бай бөлүгү, к. Шельф.