МАТЕРИАЛДЫК ЧЕКИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАТЕРИАЛДЫК ЧЕКИТ - механикада массага ээ болгон чекит катары каралган объектини бел­гилөөчү түшүнүк. М. ч-тин мейкиндиктеги аба­лы геометриялык чекит сыяктуу аныкталгандыктан, механика маселелери бир топ женил чыгарылат. Иш жүзүндө нерсенин алга умтулуу кый­мылында же нерсенин айлануу бөлүгү эске алынбаганда М. ч. деп каралат. Ар кандай механикалык системанын (катуу зат) кыймылында анын мас­сасынын (оордук) борбору жалпы эле система­нын массасына барабар болгон М. ч. сыяктуу кыймылдайт.