МАСУДИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:01, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАСУДИ, Абу-л-Хасан Али ибн ал-Хусейн ал­Масуди [болжол менен 896, Багдад ш. - сентябрь, 956, Фустат (азыркы Каир)] - о. кылымдарда­гы араб тарыхчысы жана географы. Биринчи жо­лу тарых жана гео­графия илимде­рин бириктирип, көлөмдүү эмгек жазгандыктан, «арабдардын Геро­доту» аталган. Иран, Индия, Түндүк Африка, Орто Азия, Азербайжан ай­мактарын кыды­рып чыккан. Кээ

бир изилдөөчүлөр аны Кытай менен Цейлондо да бол­гон деп болжол­дошот. М-нин бизге чейин 30 томдуу «Муруж аззахаб ва ма’адин ал-жавахир» («Алтын чай­коочу жаилар жана кендер») тарыхый-географиялык, жана «Китаб ат-танбих ва-л-ишраф» («Насаат жана байкоо китеби») географиялык эмгектери жетип, анда түрк элдери тууралуу бир катар маалымат­тар калган.

Ад.: Микульский Д. В. Арабский Геродот. М., 1998, его же. Арабо-мусульманская культура в сочинении ал-Масуди «Золотые копи и россыпи самоцветов»: X век. М., 2006.