МАРТЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:40, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРТЕН Пьер Эмиль, (18.8.1824, Шер департа­менти, Бурж - 25. 5. 1915, Ньевр департамен­ти, Фуршамбо) - француз металлургу. Тоо кен мектебин бүтүрүп, Фуршамбо шаарында атасынын металлургиялык заводунда иштеген. 1853-83-жылы Сирейдеги металлургия заводунун директору болгон. 1864-жылы жалындуу регенерациялык меш­те болотту куюп алуунун жаңы, ыкмасын су­нуш кылган. Регенерация принциби абаны гана эмес газды да жылытууга колдонулуп, болотту эритүү үчүн жетиштүү температура алынган. Бул метод металлургияда 19-к-дын акыркы чейре­гинен кеңири колдонула баштаган, к. Мартен меши.