МАТАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:35, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАТАЕВ Жусуп (21. 2. 1956-жылы туулган, Жалал-Абад обл., Токтогул району, Кызыл-Өзгөрүш айылы) - живописчи, графикчи жана портретчи, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1992), КРдин мамлекеттик

туусунун авторлорунун би­ри. 2004-жылы И. Арабаев атындагы КМПУну бүткөн. 1978-84-жылы Кыргыз ССРинин мамлекеттик сү­рөт фондусунда, 1984-92-жылы Нарын обл-ндагы ушул эле фондунун филиалында көр­көм жасалгалоочу болуп иштеген. 1992-жылдан өз алдынча чыгармачылыкта. 2011- жылдан КЭРдин Үрүмчү шаарындагы «ҮЕМА» компа­ниясында сүрөтчү болуп эмгектенет. 1980-жыл­дан респ. жана эл аралык

көргөзмөлөрдүн каты­шуучусу. 2008-жылы Г. Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейинде, 2012-жылы Үрүмчү шаарындагы Са­нат университетинде жеке көргөзмөсү өткөн. 0. эле КМШ өлкөлөрүндө, Германия, Австрия, Австра­лия, Япония, Италия, Франция, Корея ж. б. чет өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө катышкан. Эм­гектери Кыргыз мамлекеттик Г. Айтиев атындагы сүрөт, Кыр­гыз мамлекеттик тарых жана Нарын обл. Край таануу

музейлеринде сакталып турат («Т. Сатылганов», «Композитор Ж. Шералиев», «Б. Бейшеналиев», «Байбиче», «Кыз куумай» ж. б.). Эл аралык «Руханият» сыйлыгы лауреаты. Даңк медалы менен сыйланган.

Чыг.: Жусуп Матаев. Живопись и графика/Каталог произведений. Б., 2008.