МАСТИХИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:02, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАСТИХИН - бычак же күрөк баштанган ийил­чээк болоттон жасалган калакча. Көбүнчө май боёк живописинде полотнонун айрым жеринде­ги боёкту кетирүү, кыртыш (коюу боёк) сүйкөө, тазалоо, кээде боёкту тегиз же рельеф түрүндө сыйпоо үчүн керектелет. М. кыл калем ордуна да колдонулат, мисалы, Г. Курбе «Бретань жээк­териндеги деңиз» картинасын М. менен тарткан (А. С. Пушкин атындагы Мамлекеттик көркөм сүрөт искусство музейи, Москва).