МАРШАЛЛ АРАЛДАРЫ
МАРШАЛЛ АРАЛДАРЫ, М а р ш а л л Аралдары Республикасы (маршаллча Ао1ервп Аогфкш М,а]е1, англ. КериЬИс о£ 1Ье МагвЬаП 181аш1з) - Океаниядагы арал мамлекет. Аты окшош архипелагда жайгашкан. Аянты 181,3 км.2. Калкы 67,2 миң (2011). Администрациялык-аймактык жактан 33 муниципалитетке бөлүнөт. Борбору -

Мажуро (Мажуро атоллунда жайгашкан; калкы 29,3 миң), шаар калкы 69,1% . Акча бирдиги - АКШ доллары.
М. А. - БУУнун (1991), ЭВФтин (1992), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1992), Тынч океан аралдары форумунун (1991; 2000-жылы чейин Түштүк Тынч океан
форуму), Тынч океан коомдоштугу секретариатынын (1991; 1999-жылы чейин Түштүк Тынч океан комиссиясы) мүчөсү.
М. А. - унитардык мамлекет. Конституциясы 1979-жылы 1-январда кабыл алынган. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент (4 жылга шайланат). Башкаруу формасы - аралаш республика. Мыйзам чыгаруу бийлиги - төмөнкү палатага таандык Жогорку палата 12 уруу башчысынан турган кеңеш берүүчү орган.
Өлкө анча чоң эмес 29 шуру атоллдорунда жана 5 шуру аралдарында (бардыгы 1150) жайгашкан. Тынч океандын батыш бөлүгүндө Ратак жана Ралик деген эки топту түзөт. Экватордон түндүктө, Микронезияда. Эң бийик жери 24 м, эң жапыз жери Тынч океандын жээгинде
(0 м). Эң ири атоллу - Кважалейн (97 аралдан турат, аянты 17 км2). Аралда фосфориттин кени бар. Океандын таманынан темир-марганец конкрециясынын топтому табылган. Климаты архипелагдын түндүгүндө тропиктик пассаттык, түштүгүндө субэкватордук. Жылдык жаан-чачыны 2000 жлгден (Түндүк а-нда) 4500 лглгге чейин (түштүгүндө; майдан декабрга чейин жаайт). Абанын айлык орт. температурасы 26-33°С, жылдык орт. 28°С. Туруктуу суусу жана көлү жок. Өсүмдүктөрдүн 80ге жакын түрү кездешет. Кокос пальмасы, нан дарагы, банан, шуру лагуналарында мангр өсүмдүктөрү отургузулган. Топурагынын күрдүүлүгү аз, нымды кармабайт. Арал жаныбарларга жакыр. Сүт эмүүчүлөрдүн 9 түрү (канат колдуулар, кемирүүчүлөр), жердесууда жашоочулар (жылан, кескелдириктер, өзгөчө геккондор), бисса деңиз ташбакасы, жашыл таш бакалар, куштардын 106 түрү кездешет. Арал - канаттуулар базары. Жээгинде балыктар (250дөн ашык түрү) быкылдайт. Коргоого алынган аймагы жок. Бикар жана Таонги (Бокак) атоллдору табигый экосистема деңиз жашыл таш бакасынын популяциясы сакталган дүйнөдөгү бирден-бир аймак катары Бүткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.
Калкын негизинен маршаллдыктар түзөт, ошондой эле америкалыктар (6,2%), филиппиндер, япондор, кытайлар ж. б. жашайт. Христиан (негизинен протестанттар), мусулман, иудей динин тутат. Расмий тилдери - маршалл жана англис тилдери. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 370 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники - 69,8 жаш , аялдарыныкы - 73,9. Төрөлүүнүн деңгээли 1000 кишиге 29,1 бала. Өлүм-житим төмөн (ЮООге 4,4; балдардыкы ЮООге 23,7). Ири шаарлары: Мажуро (25,8 миң), Эбейе (9,6 миң).

Аралды 1529-жылы испан деңиз саякатчысы А. Сааведра ачкан. 1788-жылы англис Ж. Маршалл изилдеген. 19-к-дын башында орус деңиз саякатчылары да бир нече майда аралдарды ачып, картага түшүрүшкөн. 17-к-дан 19-к-га чейин Испаниянын ээлиги болгон. 1885-жылы Германия, 1914-жылы Япония басып алган. 1920-жылы Улуттар лигасы аралды башкарууга Японияга мандат берген. 1945-жылы АКШга өткөн. 1947-жылы БУУнун чечими менен АКШнын опекага алынган аймагы болгон. Америка өкмөтү аралды аскер полигонуна айландырган. 1946-жылдан 1962-жылы чейин ядролук куралдарды сыноо жүргүзүлгөн (Бикини жана Энивиток атоллдорунда). 1959-жылдан Кважалейн а. ракета полигону болгон. Арал 1990-жылы көз каранды эместикке ээ болгон.
М. А. - өнүгүп келе жаткан өлкө. Калкынын кирешеси төмөн ИДПнин көлөмү 133,5 миллион доллар (АКШ), аны киши башына бөлүштүргөндө 2,5 миң доллардан туура келет. Улуттук дүң продукциясы 115 миллион долларды (2004; АКШ) түзөт. Анын 32%и а. ч-га, 15%и ө. ж-га, 53%и тейлөө
чөйрөсүнө туура келет. Экономикасы АКШнын жардамына (бюджетинин 60% и) муктаж. Мамлекеттик бюджеттин 30% и Кважалейн атоллунун ижарасынан, ошондой эле чет өлкөлүк соода кемелерине өзгөчө экономикалык зонада балык уулоого лицензия сатуудан, «ыңгайлуу желек» бергендеги каттоо жыйымдарынан түшөт. Балык кармоо жана жасалма жол менен көбөйтүү, копра иштетүү (кокос майы, жмых) ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк менен (үлүлдөн, жыгачтан буюмдар жасашат) алектенет. Аралдын аймагынын 10% и иштетилет. Негизги товар өсүмдүгү - кокос пальмасы жана нан дарагы. Томат, коон, тропика жемиштери өстүрүлөт. Бодо мал, чочка асыралып, тоок багылат. Автомобиль жолунун узундугу 2000 км (анын ичинде асфальтталганы 75 км). Жалгыз деңиз порту - Мажуро. М. А-нын желеги менен 1381 кеме (анын ичинде 1284ү чет өлкөлүктөргө таандык) жүрөт. Экономикасынын негизин фосфат казып алуу, а. ч. жана балыкчылык түзөт. Сыртка фосфат, кокос майы, копра, балык, белек-бечкектер чыгарылат. Сырттан азык-түлүк, тамеки, курулуш материалдары, машина жана анын жабдуулары, минералдык отун, химикаттарды алат. Негизги сырткы соода шериктештери: АКШ, Япония, Австралия.
Билим берүү системасы - мектепке чейинки (3 жаштан 5 жашка чейин), милдеттүү 8 жылдык башталгыч (бдан 14кө чейин; мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мектептер), орто (15тен 18ге чейин) жана атайын орто билим алуудан турат. Жогорку билимди Мажуродогу Түштүк Тынч океан университетинин кампусунан (1993) алышат. Калк китепканасы, улуттук архив, «Алеле» музейи бар. Мажуро атоллунда 1982-жылдан күн сайын гезит чыгат. Радио берүүлөрү жана телекөрсөтүүлөрү англис жана жергиликтүү тилдерде көрсөтүлүп, уктурулат.
Ад.: Маршалловы острова//Всё о странах мира. Атлас справочник. СПб., 2006; Маршалловы острова// Большая российская энциклопедия. Т. 19. М., 2012.
Р. Карачалова.

