МАРСО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:35, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРСО (өз фамилиясы Манжель) Марсель (22. 3. 1923, Страсбург - 22. 9. 2007, Каор, сөөгү Па­рижге коюлган) - француз актёру. Каршылык көрсөтүү кыймылынын катышуучусу. Атасынын Освенцимде набыт болушу М-нун көз карашы­на таасир тийгизип, чыгармачылыгын заманбап адам­ды моралдык жок кылуунун, өлтүрүүнүн себеп­терин аңдап түшүнүүгө арнаган. 1946-жылы «Мар­сель Марсонун мимдер менен кызматташтыгын» негиздеген. 12 сезондун ичинде 20дан ашык ми­микалык пьеса койгон:«Шинель» (Н. В. Гоголь боюнча, 1951), «Караңгыдагы кармаш» (1952), «Па-

М. Марсо мимика­лык ролдо.

риж күлөт, Париж ыйлайт» (1959) ж. б. 1960- жылдар жеке концерт-спектаклдер менен чыккан. 1969-жылы Парижде Марсель Марсо Эл аралык пантомима мектебин, 1996-жылы Пантомима өнөрүн АКШда жайылтуучу Марсо фондун негиздеген. М-нун өнөрү 20-к-дын 2-жарымын­да патомима жанрынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Киного да тартылган: «Робот», «Ду­дук кино» ж. б. М-нун чыгармачылыгы жөнүндө фильм­дер тартылган: «Бип жана рандеву» (1948), «Пан­томималар» (1954), «Мим Марсель Марсо» (1972) ж. б. Ардактуу легион орденинин офицери.

Ад.: Маркова Е. М. Марсо. Л., 1975; она же. Сов­ременная зарубежная пантомима. М., 1985.