МАРКИРОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:02, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРКИРОВКА (фр. marquer - белгилөө) - то­варга же анын таңыгына коюлган өндүргөн ме­кеме жөнүндөгү маалыматты жана дарегин камты­ган шарттуу белги. Жүктү кабыл алуучу пункт­ка керектүү маалыматты туура жеткирүүгө, жүктөөгө жана ташып барууга, жүктөө, ташуу, түшүрүү учурунда тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүгө, ошондой эле аны сактоого, керектөөчүгө товарды өз убагында жана тийиштүү деңгээлде жеткирилишине кепилдик берет.