МАРИПОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:02, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРИПОВ Арапбай (3. 1. 1939-жылы туулган, Ош обл., Ноокат району, Кыргыз-Ата айылы) - физик, фи­зика-математика илимдеринин доктору (1994), профессор (1994). Нью-Йорк ИАнын академиги (1994). ММУну (1964), анын аспирантурасын аяктаган (1970). Кыргыз ССР ИА ФИде инженер (1964- 65), кенже илимий кызматкер (1965-66), ФПИде улук окутуучу (1970-72), кафедра башчысы (1972-91), Ош жогорку техникалык коллежинде кафедра башчы­сы (1991-95), КР УИАнын Жаны технология­лар институтунун директору (1994-95), КРдин Жо­горку аттестация комитетинде бөлүм башчысы (1997- 99) болуп иштеген. 2000-жылдан КТУда кафед­ра башчысы. Радиофизика, оптика жана голо­графия боюнча адис. ЮОдөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 1 монография, 3 окуу куралдын, 6 ойлоп табуунун, 6 патенттин автору.

Эмг.: Кванттык механиканын башаты. Б., 2008; Физические основы электроники. Б., 2010.