МАРАФОНДУК ЧУРКОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:02, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРАФОНДУК ЧУРКОО, марафондук ж а р ы ш - Олимпиялык оюндарда ж. б. ата­йын спорт мелдештеринде өтө узун - 42 км 195 м аралыкка чуркоо. Аталышы менен аралыгы перс­тер менен гректердин согушунда (биздин заманга чейинки 490-жылы) гректердин жеңиши жөнүндөгү кабарды Марафон­дон Афиныга (42 км 195 лг) жөө чуркап жеткир­ген байыркы грек жоокери Фидипид жөнүндөгү уламышка байланышкан. М. ч. 1-0лимпиялык оюндардын (1896, Афины) программасына кир­гизилген. 22-Олимпиялык оюндарда (1980, Мос­ква) М. ч. боюнча кыргыз спортчусу С. Жуманаза­ров 3-орунду ээлеген.