МАНКУРТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:35, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНКУРТ- тарыхый эс-тутумун, адеп-ахлак­тык, руханий баалуулуктарын жана багыттарын, ошондой эле өз эли менен болгон байланышын жогот­кон адам. Термин Ч. Айтматовдун «Кылым ка­рытар бир күн» романында киргизилген. Заман­бап илимий адабиятта: «ааламдашуу (глобализация) шарттарындагы постсов. доордо Батыш-Чыгыш маданиятынын ортосунда чалынган маргиналдан ай­ырмаланып, М. кара курсак менен кызыл кекир­тектин керектүүлөрүн канааттандыруу макса­тында, болор-болбос акча үчүн өз маданиятынан баш тартат же аны унутат да, Батыш маданиятынын өзүнө жат, чоочун элементтерин толук өздөш­түрөт. Тилекке каршы, аны Батыш да, Чыгыш да маданияты кабыл албай, ал түрткүнчүккө айла­нат. Жоломан өз энесин өлтүргөндөй, Батыш төлөгөн акча үчүн өз маданиятын өлтүрүүгө, ата­бабасынын арбагы жаткан, алардын көрүстөнү турган, өз балалыгы өтүп, балдары туулган жер­ди сатууга даяр»,- деген пикир пайда болду.