МАМОРЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:02, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМОРЕ (жог. агымында - Рио-Гранде)- негизинен Боливия жана анын Бразилия менен чек арасы аркылуу аккан дарыя. Бени д. менен кошу­луп, Мадейраны түзөт. Узундугу 2300 км, алабынын аянты 620 миң км2. Борбордук Анд тоолорунун чыгыш кырка тоолорунан башталып, Боливия­нын саванналуу жана саванна-токойлуу түздүгү боюнча агат; төм. агымы босоголуу. Орт. чыгымы 8100 м?/сек. Чакан кемелер жүрөт.