МАМЛЕКЕТТИК ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:35, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЛЕКЕТТИК ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ - экол. укукту жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик көзө­мөл кызматы. Айлана-чөйрөгө таасир тийгизүү менен коштолгон чарбалык же башка ишмердик процессинде ишкана, мекеме, уюм жана жаран­дардын экол. талаптардын жана жаратылышты

коргоо иш-чараларынын аткарышын көзө­мөлдөйт. М. э. к. эң башкы 3 багытка ажы­райт: 1) курчап турган айлана-чөйрөнүн абалын ылайыксыз жана кооптуу кубулуштардан сактоо максатында системалуу байкоо жүргүзүү (эко­логиялык мониторинг); 2) социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана чарбалык-техникалык долбоорлордо экол. талаптардын сакталышын текшерүү (алдын ала эскертүүчү же экологиялык көзөмөл); 3) айла­на-чөйрөгө таасир этүүчү ишмердикте ишкана, мекеме, уюм жана жарандардын экол. талаптар­ды жана жаратылышты коргоо иш-чараларын аткарышын текшерүү (соңку же инспекциялык экол. көзөмөл).