МАМЛЕКЕТТИК ФИНАНСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:35, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЛЕКЕТТИК ФИНАНСЫ - мамлекеттик органдар­ды кармоо жана алардын функцияларын аткары­шы үчүн зарыл акча фонддорунун түзүлүш жана бөлүштүрүлүш системасы, экономикалык мамилелердин жыйындысы. Термин алгач 16-к-да Франция­да колдонулган. Анын негизги максаты өлкөнүн өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн финансы ресурстарын түзүү жана туура колдонуу болот. Жалпы М. ф-га төмөндөгүлөр кирет: мамлекеттик бюд­жет, пенсиялык фонд, социалдык жана медициналык кам­сыздандыруу фондулары, бюджеттен сырткары ар түрдүү фондулар ж. б. М. ф-нын көпчүлүк бөлүгү салыктардын эсебинен түзүлөт да, ал улуттук кирешенин олуттуу бөлүгү катары кай­радан бөлүштүрүлүп турат. Бул жыл сайын кабыл алынуучу бюджет жөнүндө мыйзамга негиз­делген актылар менен жөнгө салынат, к. Фискал­дык саясат.