МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:35, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ - мамлекеттин милдеттүү түрдө колдонулуучу тили. Мамлекеттик башкаруу, сот, иштери мекеме-ишканаларда жана билим берүүдө ж. б. колдонула турган, атайын бекитилген мыйзамдуу тил. 1989-жылы 23-сентябрда «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» биринчи мый­замы кабыл алынган. Учурда КР Конституция­сынын 10-статьясыдда көрсөтүлгөндөй, КРдин мамлекеттик тили - кыргыз тили. 0. эле КР өзүнүн калкы сүйлөгөн (казак, өзбек, орус ж. б.) бар­дык тилдерди сактоону, тең укуктуу жана эркин өнүгүшүн жана колдонулушун кепилдикке алат. Мамлекеттик тилди билбегенине байланыштуу жаран­дардын укугун жана эркиндигин чектөөгө жол бербейт. Ошол эле учурда расмий тил мамлекеттик тилден айырмаланып турат. Көптөгөн өлкөлөрдө мамлекеттик тил менен расмий тил бирдей мааниде колдонулат. Мисалы, Швейцарияда конституция боюнча расмий тил болуп немис, француз, италян тилдери эсептелсе, мамлекеттик тил болуп немис, фран­цуз, италян тилдеринен башка дагы колдонул­баган ретороман тили белгиленет. КР Консти­туциясыньгн 10-статьясынын 2-пунктунда көр­сөтүлгөндөй КРде расмий тил - орус тили. КРде мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 1998-жылы, 20-январда түзүлгөн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия көз салат.