МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЧЫ
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЧЫ - мамлекеттик кызматты ээлеген, кызматы боюнча өзүнө берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жагындагы кесиптик иши үчүн акчалай акы алып, туруктуу негизде иштеген жана анын аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү КРдин жараны. М. к-нын негизги милдеттери төмөндөгүлөр: 1) өзүнүн милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруу; 2) М. к-нын жүрүм-турум эрежелерин жана этикасын сактоо; 3) өзүнүн кызматтык милдетин аткаруу үчүн зарыл деңгээлде мамлекеттик тилди билүү; 4) жогору турган жетекчилердин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарылуучу буйруктардын тескемелерин ж. б. чечимдерин аткаруу; 5) жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга жол бербөө; 6) жарандардын, кызмат адамдарынын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдардын кайрылууларын өз убагында жана объективдүү кароо, алар боюнча мыйзамдарга ылайык чечим кабыл алуу; 7) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга зарыл квалификациялык деңгээлин кармап туруу; 8) мамлекеттик кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоо; 9) мамлекеттик органдын белгиленген ички эмгек тартип эрежелерин сактоо.