МАМАТУРДИЕВ Ашыралы
МАМАТУРДИЕВ Ашыралы (16. 5. 1899, азыркы Ош обл., Кара-Суу району, Дыйкан-Кыштак кыш. - 6. 4. 1985, ошол эле жер) - пахтакер, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1951). Эмгек жолун 1925-жылы көмүр шахтасында

бургулоочу болуп иштөөдөн баштап, 1948-жылдан Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Кызыл-Шарк» колхозунда колхозчу, 1949- жылдан пахта өстүрүүчү звенонун башчысы болуп иштеген. 1950-жылы ал жетектеген звено 6 га аянттагы пахтанын ар гектарынан 66,3 цден түшүм жыйнап алган. Ленин ордени менен сыйланган.