МАТЕМАТИКАЛЫК КҮТҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАТЕМАТИКАЛЫК КҮТҮҮ, орточо маа­н и - ыктымалдык теориясындагы түшүнүк; X кокус чоңдугунун маанилеринин бөлүнүшүнүн не­гизги мүнөздөмөлөрүнүн бири. Жөнөкөй учурда X чондугу ыктымалдыгы P1, P2, ..., Pn болгон хр хг, ..., хп чектүү сандагы маанилерди алы­шы мүмкүн, анда X чоңдугунун М. к-сү деп, ЕХ= =х1Р1+ хгРг+...+ ХПРП туюнтмасы аталат. М. к-нүн жардамы менен бөлүштүрүүнүн көптөгөн сандык жана функционалдык мүнөздөмөлөрү аныкталат. М. к. түшүнүгү 18-к-да кумар (азарттык) оюндар теориясына байланыштуу пайда болгон. М. к. түшүнүгүн азыркы мезгил­деги маанисинде жалпылоого жана пайдалануу­га орус математиги П. Л. Чебышев чоң салым кошкон.