МАСТОПАТИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАСТОПАТИЯ (грекче таэ^бз - эмчек жана ...па­тия) - эмчек бездеринин оорусу. Мында эмчек­те ар кандай көлөмдөгү шишик сымал катуу түйүндөр пайда болуп, энелик бездин функция­сынын бузулушу менен коштолот. Көбүнчө 30-50 жаштагы аялдар ооруйт. Айрым учурда этек кир келерде же учурунда оорушу мүмкүн. М. корку­нучсуз, бирок түйүндөр шишикке айланып ке­тиши мүмкүн. Ошондуктан эмчекте өзгөрүүлөр пайда болор замат врачка кайрылуу зарыл. Ага көбүнчө ички секреция бездеринин бузулушу, жыныс мүчөлөрүнүн сезгенүү оорулары жана аборт себеп болот. Алдын алууда жыныс сис­темасынын ооруларын өз убагында дарылоо жана аборттон сактануу керек. Эмчектин сез­генүүсүн - маститти болтурбоого аракет кы­лып, аны өз убагында дарылоо зарыл.