МАРЙЙ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:53, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРЙЙ ТИЛИ, черемис тили - марийлер­дин тили. Финн-угор тилдеринин волга тобуна кирет. Марий Эл Респ-на, Башкыртстанга, Та­тарстанга, Удмуртияга, Тюменге жана Пермь ай­мактарына тараган. Мүчөлөмө (агглютинация­лама) тил. Үч диалектиси бар жана алардын айыр­масы фонетикадан даана байкалат. Лексика­сында финн-угор, орус жана түрк тилдеринен кир­ген сөздөр арбын. Жазмасы орус графикасынын негизинде калыптанган.