МАМЫТОВ Жумаш

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЫТОВ Жумаш (5. 3. 1935, азыркы Ысык­Көл обл., Жети-Өгүз району, Ичке-Булуң айылы - 11. 6. 2011, Каракол ш.) - тилчи, профессор (2000), филология илимдеринин доктору (2002), КР эл агар­туусунун отличниги (1981). КМУну бүтүргөн (1958). Ак-Суу районундагы Кереге-Таш жети жыл­дык мектебинде мугалим (1959-60), 1960-жыл­дан КМУнун аспиранты, ОМПИде ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1963-90), К. Тыныс­танов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетйнин доценти, кафедра башчысы болуп иштеген (1990-2011). Илимий изилдөөлөрү кыргыз тилинин фонетикасы жана лексикологиясы, неологизмдер, адабий тил ж. б. тармактарга арналган. Ал «Кыргыз тилин­деги неологизмдер» (1966), «Көркөм чыгарманын тили» (1990), «Азыркы кыргыз тили: фонетика жана лексикология» (1999), «Эскирген сөздөр менен диалектизмдердин лингвостилистикасы» (2002), «Кыргыз тили» (2003) аттуу монография, окуу китептеринин жана ЮОдөн ашык илимий, мето­дикалык макалалардын автору. «Манас» меда­лы менен сыйланган.