МАМЛЕКЕТТИК СЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЛЕКЕТТИК СЫР - мамлекеттин коопсуз­дугуна зыян келтире турган аскердик (чалгын­доо, контрчалгындоо), тышкы саясий, экономикалык, ж. б. атайын мыйзам аркылуу мамлекет тара­бынан коргоого алынган маалыматтар. КРдин 1994-жылы 14-апрелиндеги «Кыргыз Республикасы­нын мамлекеттик жашыруун сырларын коргоо жөнүндөгү» мыйзамында М. с. 3 топко бөлүнөт: мамлекеттик, аскердик жана кызматтык сырлар. Бул сырлардын ичинен кээ бирине «таптакыр жа­шыруун» жана «өзгөчө маанидеги жашыруун» деген грифтер коюлат.