МАЛМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛМА, малмага салуу-1) тери ашатуу үчүн (айран, суу, улпак, туз ж. б.) даярдалган суюк аралашма (к. Тери ашатуу); 2) терини колдо иштетүүнүн бир түрү. Кайыш, булгаары жасоо үчүн бодо малдын, кийиктин, кээде май­да жандыктын териси М-га салынган. Туздуу айран, жарма, ун же улпактын аралашмасы чоң челекке куюлуп, ага челденген, жибитилген тери салынып, күн алыс аралаштырылган. Тери жыдып, ашаткыны боюна сиңиргенден кийин (5-7 күн) алынган. Андан ар кандай идиштер (көөкөр, көнөк, көнөчөк), кийим (чарык), ат жабдыктары ж: б. жасалган.