МАЛЛИЦКИЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:53, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛЛЙЦКИЙ МӨҢГҮСҮ - Какшаал тоо тиз­мегинин түндүк капталындагы мөңгү. Чоң Үзөңгү­Кууш суусунун башында жайгашкан. Башы де­ңиз деңг. 5010 м, этеги 3670 м. Кар чегинин би­йикт. 4600 м. Мөңгү бийик аскалуу кашатта аяк­тайт; Ай-Талаа өрөөнүнүн таманына ортоңку мо­рена жалчасы менен текши капталган бөлүгү гана жетет. Мөңгүдөн башталган суу 80 м бийик­тиктеги аскалуу кашаттан агып түшүп, шаркы­ратманы пайда кылат. Андан соң Ай-Талаа суу­су Үзөңгү-Куушка куят. Мөңгү советтик окумуштуу­геолог, профессор Н. Г. Маллицкийдин ысмынан аталган.