МАЛ БОРДОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:53, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛ БОРДОО - тирүүлөй салмагын, этинин да­амын, сиңимдүүлүгүн арттыруу, жүнү менен тери­синин сапатын жакшыртуу максатында мал­ды күчтүү тоюттандыруу. Бордоого малдын бар­дык түрү (уй, кой, чочко ж. б.) коюлат. Чоң жана жаш (козу, торпок ж. б.) малды бордогон­до суткалык кошумча салмагы көбөйүп, тез эт­тенет. Борго коюлган малды сойгондо таза эти тирүүлөй салмагынын басымдуу үлүшүн түзөт. Малдын жакшы бордолушу анын тукуму, түрү, эттүүлүгү, тоюттун курамы жана рациондун туу­ра түзүлүшүнө байланыштуу болот. Эт багытын­дагы малды бордоо көбүрөөк пайдалуу. Өзгөчө жаш малды бордоо экономикалык жактан жакшы на­тыйжаларды берет.