МАРС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРС (астрономиялык белгиси сГ) - Күн системасындагы. планета. Физикалык мүнөздөмөсү боюнча Жер тобундагы планеталарга кирет. Күнгө чейинки орт. аралы­гы 227,9 миллион км же 1,5 а. б.; Күндү айлануу мезгили 1,88 жыл, өз огунда айлануу мезгили 24,5 с, 37 мин; массасы 6,4-1023 кг (0,1 Жер массасындай), орт. тыгыздыгы 3,97 г/см2, орт. диа­метри 6780 км. М-тын спектринде суу буусунун сы­зыктары байкал­ган. Атм. басы­мы - 0,007 атм-ра­дан (700 Па) аш­пайт, башкача айтканда болжол менен Жер бетинен 40 км бийиктик­теги атм. басымы менен бирдей. Мындай төмөнкү атм. басымда суу суюк абалда болушу мүмкүн эмес, суу +50°С температурада бууга айлангандык­тан, буу, кар жана муз түрүндө болот. Спектрдик байкоонун жыйынтыгы боюнча М-тын атм-сы 95% көмүр кычкыл газынан, 3% азоттон, 1,5% ар­гондон жана 0,15% кычкылтектен турат. М-тын атм-сында сейрек булуттар менен тумандар кезде­шет. Аларды уюлдарынан тез-тез байкоого бо­лот. Бетинде көптөгөн кратерлер, тоо кыркала­ры, чокулар ж. б. бар. М-тын эң бийик жери Олимп жанартоосу (28 км). 0. эле туш. жарым шарында Маринераер өрөөндөрү - тереңдиги 6 клгден ашык коньондор тармагы батыштан чы­гышка 4000 км узундукта созулуп жатат. Пла­нетанын бетинде дайыма чаңдуу туманды пай­да кылган шамал болуп, кээде

катуу шамалдан Марстын бүткүл бетин коюу чаң каптап, көрүнбөй калат. Бетинин температурасы -ЮОдөн 0°Сге чейин өзгөрүп турат. Уюлдарында -125°Сге жакын. М-та Жердегидей эле жыл мезгилдери болуп турат жана климаттык алкактарга (уюл­дук, мелүүн, тропиктик) бөлүнөт. М. жылы 687

жер суткасына барабар. Планетага окшош туу­ра эмес формадагы табигый эки (Фобос жана Дей­мос) жандоочусу бар. 1877-жылы америкалык астроном А. Холл ачкан. Планетага жакын жайгашкан­дыктан, аларды байкоо кыйын. Ай кратерлери сыяктуу Марстын бетинде ЗООдөн ашык кратер байкалган. Алардын диаметри 3 клгден 180 кжге чейин жетет. Магнит талаасы Жердикинен 500 эсе начар. Анын уюлдуулугу Жердин магнит та­лаасынын уюлдуулугуна карама-каршы, башкача айтканда түндүк магнит уюлу планетанын түндүк жарым ша­рында, түштүк уюлу - түштүк жарым шарында жай­гашкан. Перигелийде М. Жерге өтө жакындайт, башкача айтканда андан 54,7 миллион к.идей аралыкта болот. Ар бир 15 же 17 жылда кайталануучу улуу того­шуу мезгилинде М-тын жаркырактыгы Чолпон­дон кийинки орунда болуп, асманда балбылдап көрүнөт. Марстын акыркы улуу тогошуулары 1971, 1988-жылдары байкалган. Мындан 1200 жыл мурун Жерге М-тан келип түшкөн метео­ритке НАСА (АКШ) тарабынан жүргүзгөн изилдөөлөр боюнча качандыр бир мезгилде анда жашоо болгон деп божомолдонот.