МАРОККОЛУКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:51, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРОККОЛУКТАР, марокколук араб­дар, Марокко араб-берберлери (өздөрүн магариба деп аташат) - эл, Марокко­нун негизги калкы. Саны 2,5 миллион киши (2009). Түндүк Африкада (Суданда 300 миндей, Алжирде 200 миндей), ошондой эле 1 млндой М. Франция, Бел­гия, Нидерланд, Испания, АКШ, Канада ж. б. өлкөлөрдө жашашат. Динге ишенгендери - му­сулман-сүннөттөр. Араб тилинде сүйлөшөт. 7-

Мароккодогу үйлөнүү үлпөтү.

12-к-да жергиликтүү бербер уруулары менен арабдардын ассимиляцияланышынан М-дын этностук неги­зи түзүлгөн, ошондой эле 11-17-к-да М. Батыш Судан өлкөсүнөн келген негрлер менен аралашкан. М. улуту Марокконун көз карандысыздыгы үчүн фр. жана испаниялык үстөмдүккө (1912-56) каршы күрөштө калыптанган. Негизги кесиби - дый­канчылык. М. - көчмөн жана жарым көчмөн калк. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. М-дын көпчүлүгү айыл чарбасында жана ө. ж-да иштешет. Улут­тук тамак-ашы жалпы арабдардыкына окшош. Негизги суусундугу - жыттуу көк чай.