МАНТИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:51, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНТИЯ (грекче тапПоп - жапкыч, плащ) - у к у к т а мамлекеттик сот иштерине байланыштуу, көбүнчө сот, кээ бир учурда прокурор, адвокат­тар кие турган атайы кийим. Расмий түрдө өз милдетин аткарып жаткан мезгилде (сот отуру­мунда) кийилет. М. мамлекеттик бийликтин бир сим­волу катары сот адилеттүүлүгүн иш жүзүнө ашы­рып жаткан соттун өзгөчө статусун белгилейт. Мененын кара түстө болушу сот бийлигинин аб­ройлуулугунун, сот калыстыгынын, эч кимге жан тартпай, адилеттүү өкүм чыгарыла турган­дыгынын белгиси болуп эсептелет; б и о л о­г и я д а - моллюскалардын, айрым рак сы­малдардын денесин калтап турган сырткы тери бүктөөсү. Мененын атайын без клеткалары сырт­кы скелетти (раковина) пайда кылат. Омурт­калуулардын М-сы мээ кыртышы деп аталат; геологияда - Жердин ядросу менен жер кыртышынын ортосунда жайгашкан «катуу» Жер катмары. Жердин көлөмүнүн (атм-сыз) 83%ин, массасынын 67%ин түзөт, к. Жер.