МАНСАРДА
МАНСАРДА — имараттын чатырындагы бөлмө. Ал кошумча турак жай катары курулуп, имаратка көрк берчү касиетке да ээ. Чатырдын бул типтеги конструкциясын 17-к-дагы фр. арх. Ф. Мансар кенири колдонгондуктан, мындай бөлмөлөр анын атынан аталып калган. Кең мааниде М. - бийик чатырдын ичиндеги жашоого жана чарбалык максатта колдонулуучу бөлмө.