МАНИХЕЙЧИЛИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНИХЕЙЧИЛИК — диний-философиялык окуу. 3-к-да Ж. Чыгышта, Персияда пайда болуп, анын не­гиздөөчүсү Манинин ысмынан аталган. Мани окуусу вавилон-халдейлик, иудейлик, христиан­дык, ирандык (зороастризм) жана гностикалык түшүнүмдөрдөн куралган. Мани окуусу боюнча: дүйнө бири-бирине карама-каршы туруучу эки белгилүү башталыштан: жарык менен караңгы­дан, жакшылык менен жамандыктан турат. Гнос­тиктердин таасири астында калыптанган бул окуу адамдан азыктануу, жыныстык турмуш, кара күч эмгеги жаатындагы өтө катуу такыба­лыкты талап кылган. Мани «чыныгы кудай­дын элчиси» катары Заратустранын динин ал­маштырууга жасаган далалаты үчун ал зороаст­ризмди жактаган дин кызматчылардын курман­дыгы катары көз жумган. Н. К. Аалиева.