МАНАС ТААНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНАС ТААНУУ - кыргыз фольклористика­сынын «Манас» үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» ) илимий негизде изилдөөчү бөлүмү. «Ма­нас» эпосун илимий андап-билүү 19-к-дын экинчи жарымында Ч. Валиханов (1856) менен академик В. В. Радлов тарабынан башталган. Ал иш советтик доордо гана жакшы өөрчүдү. Кыргыз элинин оозеки чыгармаларынын көбүн («Манас» үчил­тигин көп варианттары менен кошо) текши жый­нап алуунун негизинде кыргыз фольклористи­касы пайда болду. 30-жылдарда М. Ауэзовдун кеңири илимий талдоо жүргүзгөн изилдөө иши жа­зылып, «Кыргыздын элдик баатырдык поэма­сы “Манас”» деген ат менен «Ар жылдар ойлору» (1959) макалалар жыйнагына басылган. Бул изилдөөдө эпостун мазмуну талданып, айтуучу­лар (манасчылар), эпостун жаралыш мезгили, образдар системасы, поэтикалык каражаттары каралган. 40-жылдарда «Манас» эпосун изилдөө чөйрөсү бир кыйла кеңиген. Бул мезгилдеги актуалдуу изилдөөлөрдөн К. Рахматуллиндин «Манасчылар» (Биобибл., 1942), А. Н. Бернш­тамдын «Кыргыздын улуу баатырдык эпосу “Манастын” чыгыш доору» (1946), С. М. Абрам­зондун «“Манас” эпосундагы этнографиялык сю­жеттер» (1947), В. М. Жирмунскийдин “Манас­ты” изилдөөгө киришүү» (1948) жана М. И. Бог­данова, Ө. Жакишев, Ы. Абдрахманов ж. б. изилдөөчүлөрдүн макалаларын атоого болот. 50-жылдарда айрыкча «Манас» эпосун изилдөөгө арналган илимий конференциядан (1952, 6-10-июнь) ки­йин эпосту изилдөө боюнча маанилүү иштер атка­рыла баштады. Конференцияда «Манас» эпосунун элдүүлүк проблемасы жөнүндөгү маселе талкуула­нып, элдик чыгарма деп табылган. 1957-жылы Кыргыз ССР ИАнын Тил жана а-т институтунда «Ма­нас» сектору уюшулуп, эпос боюнча топтолгон ма­териалдарды системага салып, басмага даярдоо жана илимий изилдөө багытындагы иштер улантыл­ган. Натыйжада «Манас» үчилтигинин кыскар­та бириктирилген вариантынын төрт китеби чыккан (кириш сөздөрүн жазгандар: Б. Юну­салиев - 1-китеп; Б. Керимжанова - 3-китеп; К. Асаналиев - 4-китеп). «Мажму ат-таварих» аттуу тажикче кол жазманын табылышы да «Манас» эпосунун тарыхын изилдөөгө баалуу материал болду. Анын баш сөзүндө «Манас» эпо­сунун жаралыш тарыхы иликтенет. 1961-жылы М. Ауэзовдун, В. М. Жирмунскийдин, М. Бог­данованын, П. Н. Берковдун, А. Токомбаевдин, Т. Сыдыкбековдун, Б. Юнусалиевдин макала­ларынан куралган орус тилинде «Кыргыздын баатырдык эпосу “Манас”» деген жыйнак жа­рыкка чыккан. Анда «Манас» жөнүндөгү 1960-жылы чейин жарык көргөн адабияттардын библиогр. көр­сөткүчү да бар. Б. Кёримжанованын “Семетей” жана “Сейтек” (1961), М. Мамыровдун «“Семе­тей” эпосу - “Манас” үчилтигинин экинчи бөлү­гү» (1963), 3. Мамытбеков менен Э. Абдылдаевдин «“Манас” эпосун изилдөөнүн кээ бир маселеле­ри» (1966), Р. 3. Кыдырбаеванын «“Манас” эпо­сундагы традициялуулук жана индивидуалдуу­лук проблемасына карата» (1967), С. Бегалиев­дин «“Манас” эпосунун поэтикасы жөнүндө»

(1968), А. Маргуландын «Чокон жана “Манас”» (1971), Р. Сарыпбековдун «Алмамбеттин обра­зынын эволюциялык өнүгүшү» (1977) деген моногр. эмгектерде эпостун түйүндүү маселеле­ри: поэтикалык өзгөчөлүгү менен стили, түрк элде­ринин эпостору менен эпикалык карым-катышы, типол. байланыштары, эпостун циклдик мүнөзү каралган. 1968-жылы В. В. Радловдун, Ч. Валиха­новдун, Д. Алмашинин, П. Фалевдин, Е. Поли­вановдун, К. Рахматуллиндин, А. Бернштам­дын, П. Берковдун, С. Абрамзондун, Б. Юнуса­лиевдин илимий макалаларынан жаралган жыйнак «“Манас” - кыргыз элинин баатырдык эпосу» деген ат менен «Илим» басмасынан чыкты. Ошондой эле Е. М. Мелетинскийдин «Баатырдык эпостордун чыгышы» (1963), С. М. Абрамзондун «Кыргыз­дар» (1971) аттуу монографияларында жана «Кыр­гыз элинин оозеки чыгармачылыгынын тары­хынын очерки» (1973) аттуу эмгекте да «Манас» эпосун талкууга алган атайын бөлүмдөр бар. «Манас» боюнча кандидаттык диссертациялар кор­голгон. «Манастын» ар кыл маселелери изил­денген бул мезгилге чейин эпостун орчундуу ма­селелери чечилгени менен көп маселелер боюнча бир пикирге келип, тактала элек, изилденүүчү маселелери өтө көп. Ал маселелерди тактап, илимий изилдөө иштери жүрүп жатат.