МАНАС (дарыя, Индия)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНАС — Индиянын түндүк-чыгышы менен Бутан­дагы (башталышы Кытайда) дарыя. Брахмапут­ранын оң куймасы. Узундугу 500 клгдей, алабынын аянты 38 миң км2дей. Гималай тоолорунан баш­талып, аны туурасынан кесип өтүп, төмөнкү агымында Бенгал түздүгү боюнча агат. Орт. чыгы­мы 2400 м3/секга жакын. Кар, мөңгү жана мус­сондук жамгыр сууларынан куралат. Жазында суусу толуп, ташкын тез-тез болуп турат. Су­гатка пайдаланылат.