МАМАЖАН (акын)
МАМАЖАН - Ош облусунун'Кара-Суу районундагы кыштак. Жоош айыл аймагына караштуу. Деңиз деңг. 945 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. бекети Кара-Суу ш-нан 14 км түштүк-чыгыш тарапта. Калкы 2550 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт.